«Абу Али ибн Сино: Чыгыштын бермети – Дүйнөлүк мурас» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция. Өзбекстан Республикасы, Ташкент
2025-жылдын 11–14-сентябрында «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын фармацевтика илимдеринин доктору, профессор И. З. Исмаилов Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Абу Али ибн Сино: Чыгыштын бермети – дүйнөлүк мурас» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференция бир нече маанилүү даталарга арналган:
• улуу аалым Абу Али ибн Синонун (Авиценнанын) туулгандыгынын 1045 жылдыгына;
• «даарыгерлик илиминин канону» эмгегинин түзүлгөнүнүн 1000 жылдыгына;
• фармацевтикалык продукциянын коопсуздугу борборунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган.
Иш-чаранын программасына салтанаттуу ачылышы жана алдыңкы эл аралык эксперттердин чыгыштары менен коштолгон пленардык жыйын, ошондой эле негизги багыттар боюнча секциялык жыйындар кирген:
• Абу Али ибн Синонун тарыхый мурасы жана анын заманбап медицинага тийгизген таасири;
• фармацевтикалык өндүрүштөгү инновациялык технологиялар;
• дары-дармектердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуу;
• фармацевтикалык продукциянын коопсуздугу жана сапаты;
• саламаттык сактоо жана фармация тармагын санариптештирүү.
Мындан тышкары атайын иш-чаралар: тематикалык мастер-класстар, инновациялык долбоорлордун презентациялары жана networking-сессиялар менен уюштурулду.
Конференциянын алкагында профессор И. З. Исмаилов «Кыргыз Республикасындагы фитопрепараттар: абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары» аттуу презентация менен чыгып сүйлөдү. Анда фитотерапиянын өнүгүүсүнүн негизги аспектилери менен катар учурдагы медициналык билим берүү программалары жана келечектеги адистерди даярдоо багыттары жөнүндө маалымат берилди. Айрыкча кесиптик багыт берүү маселелерине, медициналык кадрларга болгон актуалдуу муктаждыкка, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун заманбап талаптарына ылайык кадрларды даярдоонун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

