Орункулов Нурбек Бакытбекович

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Орункулов Нурбек Бакытбекович

Кыргыз Республикасы 720007, Бишкек ш., Москва көч., 172, 212-кабинет
+996 312 31 71 40
deansoffice@luye.dpdns.org

Максаттары

«Дарылоо иши жана стоматология» факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басарынын ишинин максаты – студенттердин инсанын ар тараптуу өнүктүрүүгө, алардын социалдык адаптациясына, кесиптик жана этикалык компетенцияларын калыптандырууга, ошондой эле коопсуз, ыңгайлуу жана маданий-өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган тарбия ишин эффективдүү уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуу.

Милдеттери

  • Студенттердин жеке, маданий жана кесиптик өнүгүүсүнө багытталган тарбиялык жана сабактан тышкаркы иш-аракеттерин уюштуруу жана координациялоо.
  • Студенттерди социалдык коштоону, ыңгайлашууну жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле университеттин ички эрежелеринин жана ченемдик талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө.
  •  Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу жана тарбиялык, маданий-көпчүлүк жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу.

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары бир нече иш-чараларды көзөмөлдөйт:

  • Студенттик сенат
  • Иш-чараларды уюштуруу
  • Спорттук иш-чаралар
  • Кураторлордун ишин көзөмөлдөө
  • Адаптациялык жана багыт берүү жумалыгын өткөрүү
  • Конференциялар