Борбордук Азия өлкөлөрүнүн физиологдорунун эл аралык конгресси (Ашхабад шаары, Түркмөнстан)
2025-жылдын 10–12-октябрында «Роэль Метрополитен Университети» билим берүү мекемесинин «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Г. С. Садыкова Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн физиологдорунун эл аралык конгрессине катышты. Иш-чара Түркмөнстандын Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлиги тарабынан уюштурулган «Кудуреттүү мамлекеттин жаңы доорунун кайра жаралуу мезгилинде — саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өткөрүлдү.
Ал «Теңир-Тоонун тургундарында адаптациянын нейроэндокриндик жөнгө салынуусунун өзгөчөлүктөрү» аттуу доклад менен сөз сүйлөдү.
Конгресс учурунда Түркмөнстандын Эл аралык илимий-клиникалык физиология борбору менен илимий кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган жолугушуулар өттү. Ошондой эле борбордун кызматкерлери менен тегерек стол уюштурулду. Ага Россия Илимдер академиясынын И. М. Сеченов атындагы «Эволюциялык физиология жана биохимия» институтунун директору М. Л. Фирсов, директордун орун басары Ким К. Х., жана Россия Илимдер академиясынын «Медициналык-биологиялык проблемалар» институтунун лаборатория башчысы В. М. Баранов катышты.

