РМУда пародонтологиядагы диагностикалык ыкмалар боюнча биринчи олимпиада өттү
2025-жылдын 5-ноябрында Royal Metropolitan University стоматология факультетинде пародонтологиядагы диагностикалык ыкмалар боюнча алгачкы олимпиада болуп өттү. Иш-чарага 10-, 9- жана 7- семестрдин студенттери катышты. Олимпиаданы Dr. Anum Shamim жана Zh.B. Jazz Gul уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты — стоматологиянын маанилүү багыттарынын бири болгон пародонтология боюнча студенттердин түшүнүгүн тереңдетүү жана күнүмдүк медициналык практикада көп кездешкен ооруларды диагностикалоого болгон кызыгуусун жогорулатуу.
Иш-чаранын жүрүшү
Студенттер жуп болуп, өздөрү тандаган темаларда презентация даярдашты. Формат студенттерге өз оюн эркин, ишенимдүү жана кызыгуу менен жеткирүүгө шарт түздү.
Жүрүштүн калыстар курамы төмөнкүлөрдөн турду:
- Стоматология кафедрасынын башчысы — Бекташева А.К.
- Клиника бөлүмүнүн жетекчиси — Усупбекова Ж.Ж.,
- окутуучулар Маратова Алия и Байшукуров Эльзар
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү
1-орун — Хани Дафар, Оссама Мохаммед Хасан (10 семестр)
2-орун — Захид Хамид Шуджа, Даниял Мухтар (9 семестр)
3-орун (эки команда):
-Мохамед Ахмед Эльсаед, Узаир Хамид (7 семестр)
-Ашраф Мазуз, Юнес Норддин (9 семестр)
Студенттер темаларын толук, так жана түшүнүктүү баяндап, калыстардын суроолоруна ишенимдүү жооп беришти.
Ардактуу коноктор
Олимпиадага төмөнкү уюм жетекчилери катышты:
- Ректор — Алымкулов М.Ч.
- Проректор — Уразалиева Н.А.
- Декан — Сапарова А.З.
- Проректор — Айтикеев А.У.
- бөлүм жана кафедра жетекчилери
Коноктор студенттердин даярдык деңгээли менен иш-чаранын уюштурулушун жогору баалашты. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, студенттик кеңеш тарабынан белек катары шоколаддар таратылды.
Иш-чаранын өзгөчө учурлары
Иш-чара салттуу торт кесүү аземи менен ачылып, стоматология кафедрасынын алдыда боло турган илимий жана билим берүү иш-чараларынын башталышын символдоду.

Киришүү сөздү доктур Жазгул, жыйынтык сөздү доктур Анум сүйлөдү.

