Россиянын илимдер академиясынын И. П. Павлов атындагы Физиология институтунун 100 жылдыгына арналган “Интегративдик физиология” аттуу VII бүткүл россиялык эл аралык конференция (Санкт-Петербург шаары, Россия)

Россиянын илимдер академиясынын И. П. Павлов атындагы Физиология институтунун 100 жылдыгына арналган “Интегративдик физиология” аттуу VII бүткүл россиялык эл аралык конференция (Санкт-Петербург шаары, Россия)

2025-жылдын 24–26-сентябрында «Роэль Метрополитен Университети» билим берүү мекемесинин «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты  Г. С. Садыкова Россиянын илимдер академиясынын И. П. Павлов атындагы Физиология институтунун 100 жылдыгына арналган «Интегративдик физиология» аттуу VII бүткүл россиялык эл аралык конференцияга катышты. Конференция Россиянын Санкт-Петербург шаарында өттү.

Ал «Бийик тоолуу шарттарда эндокриндик системанын функционалдык абалы менен организмдин адаптациондук мүмкүнчүлүктөрүнүн өз ара байланышы» аттуу доклад менен «Экстремалдык абалдардын физиологиясы» секциясында сүйлөдү. Конференцияга катышуу илимий жыйынтыктар менен бөлүшүүгө жана физиологиялык процесстердин интегративдик механизмдерин изилдөөнүн заманбап ыкмаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк жаратты.

И. П. Павловдун Колтушадагы үй-музейине экскурсия уюштурулуп, ал жерде шарттуу рефлекстер теориясынын негизин түзгөн белгилүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле Г. С. Садыкова РАНдын Санкт-Петербург бөлүмүнүн мемориалдык жыйынына катышты.